​Элдин бир жылдык кирешеси 413 млрд. сом

​Элдин бир жылдык кирешеси 413 млрд. сом
17-Май 2019, Жума, 11:08

Өткөн жылы кыргызстандыктардын номиналдуу акчалай кирешеси 413 млрд. сомду түздү. Бул сумма 2017-жылга салыштырмалуу 16.1 пайызга көптүк кылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, элдин кирешесинин негизги бөлүгү иштеп тапкан айлык акысы жалпы кирешенин 70.7 пайызына барбар.

Ал эми калктын реалдуу кирешеси 406 млрд. 690.6 млн. сомду камтыйт. 2017-жылга караганда 14.4 пайызга өскөн.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарынын калкы 83 млрд. 625.3 млн. сом киреше таап тизменин сап башында болгон. Ал эми Нарын областынын эли эң аз киреше алган же бир жыл ичинде 13 млрд. 774.4 млн. сом кирише тапкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!