Күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы өстү

Күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы өстү
21-Май 2019, Шейшемби, 14:11

Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинен 17-майга чейин Кыргызстан боюнча күйүүчү жана майлоочу майлардын түрлөрүнө болгон баалар көтөрүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда бир айда А-92 үлгүсүндөгү бензин 0,13 сомго, дизелдик отун 0,3 сомго жогорулаган. Ал эми А-80 бензини 0,56 сомго арзандаганы байкалган.

Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы майда күйүүчү майлардын баасы жогорулашы күтүлөрүн айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!