​Кыргызстанга 16,8 млн доллар грант бөлүнөт

​Кыргызстанга 16,8 млн доллар грант бөлүнөт
27-Май 2019, Дүйшөмбү, 15:05

Кыргызстанга Азия өнүктүрүү банкы калктын климаттык өзгөрүүлөргө жана кырсык коркунучтарына туруктуулугун бекемдөө максатында Кыргызстанга каражат бөлөт. Бул тууралуу. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Жыйында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуулар боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Келишимге ылайык, Азия өнүктүрүү банкы калктын климаттык өзгөрүүлөргө жана кырсык коркунучтарына туруктуулугун бекемдөө максатында Кыргызстанга каражат бөлөт. Долбоордун жалпы бюджети – 43,6 млн доллар, Азия өнүктүрүү банкынын каражаты – 38,6 млн доллар, анын ичинде гранттык каражат – 16,8 млн доллар, жеӊилдетилген насыя каражаты – 21,8 млн доллар. КР Өкмөтү долбоорго 5 млн долар кошот. Насыя 32 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилүүдө.

Бул долбоор 3 бөлүктөн турат: ирригациялык инфратүзүмдөрдү модернизациялоо, Ирригация тутумун жана айыл чарба жерлерин башкарууну жакшыртуу, Табигый кырсыктардын коркунучтарын улуттук деӊгээлде башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!