​Экономикалык көрсөткүч үмүт жаратууда

13-Май 2017, Ишемби

Эске салсак 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикалык өсүүсү 3,6 пайызды түзгөн. Бул Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин арасында эң жогорку көрсөткүч болгон. Ал эми 2017-жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча өсүү динамикасы байкалып үмүт жаратууда.

Расмий маалыматтарга караганда 2017-жылдын биринчи кварталында ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) көлөмү 7,8 пайызга жогрулап, анын жалпы көлөмү 86,1 млрд. сомго жеткен. Ал эми Улуттук статистика комитетинин билдиргенин боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы менен ИДӨнүн көлөмү 120 млрд. 714 млн. сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 7.7 пайызга жогору.

Ал эми “Кумтөр” ишканасынын өндүргөн продукциясын эске албаганда ИДӨнүн көлөмү 107 млрд. 239.1 млн. сомду түзөт же 3,9 пайызга аткарылган.

Экономиканын көрсөткүчү

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин билдиргенине караганда экономиканын өсүүсү айыл чарба, өнөр-жай жана кызмат көрсөтүү тармактарында байкалган. Алсак айыл чарбасында өсүүнүн деңгээли 1,5 пайыз болгон, тейлөө жана кызмат көргөзүүдө өсүш 0,5 пайызды камсыздаган. Ал эми өнөр жайдын 4 айдын ичиндеги көрсөткүчү бул жылы 68 млрд. 442 млн. сомду түзүп, өткөн жылдыга караганда 24.5 пайызга өскөн. Өнөр-жайынын металл өндүрүү тармагында өндүрүү 1.5 эсеге, металл рудаларын өндүрүү 4,1 эсе, тазаланган мунай продукциясын чыгаруу 1,7 эсе жогорулаган. Ошол эле учурда кийим-кече чыгаруучу тармагында жогорулоо 24.7 пайызды камтыган. Тамак-аш өнөр жайындагы өсүш 31.2 пайызга жетти. Курулуш тармагында көрсөткүч мурдагы деңгээлин сактап турат.

Үстүбүздөгү жылы физикалык жактардан которуу жолдору менен келген каржы агымы 253,4 млн. долларга жетти, өткөн жылга салыштырмалуу 51,1 пайызга жогорулаган.

Сырткы товар алмашуу 5,9 пайызга жогорулап, 752,4 млн. долларды камсыздаган. Товар экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 пайызга төмөндөгөнү байкалган же 233,5 млн. долларды түзгөн. Ал эми импорттук келүүлөр 10,4 пайызга жогорулап, 518,9 млн. долларга жетти.

Күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасынын жогору болгондугунун таасиринен улам инфиляциянын деңгээли 102,1 пайызды камтыды.

Айлык акы

Экономика министрилигинин билдиргенине ылайык үстүбүздөгү жылдын 1 кварталындагы калктын жашоо деңгээли өткөн жылдагы көрсөткүчтү сактап турат.

Кыргызстандагы минималдуу айлык акы 1,5 миң сом. Ал эми номиналдуу айлык маяна 13 миң сом. Үстүбүздөгү жылы айлык маянанын өсүшү 4,5 пайызды камсыздаган. Күнүмдүк керектөөнүн баа көрсөткүчүн эске алганда айлык акынын өсүүсү 3,6 пайызды түзөт.

Ал эми пенсиянын орточо көлөмү 5 миң сом. Ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пулдун көлөмү 764,9 сомдон 874,9 сомго жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!