Кыргызстанда кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш канча пайызды түздү?

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш канча пайызды түздү?
28-Авг. 2019, Шаршемби, 10:56

2019-жылдын январь - июлунда кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш 2,6 пайызды түздү. Ал эми былтыркы жылдын ушул эле мезгил аралыгында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш 1,8 пайызды түзгөн. Бул тууралуу маалымат Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматка караганда, дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо кызматтарынын өсүшү 4,7 пайызды түздү, ошону менен бирге чекене сооданын өсүшү (автомобилдерди жана мотоциклдерди сатуудан тышкары) 4,0 пайызды түздү.

Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү 2019-жылдын январь - июлунда 6,7 пайызга көбөйдү (2018-жылдын январь - июлундагы өсүш 6,7% болгон).

Почталык жана чабармандык иш кызматтары 2019-жылдын январь - июлунда 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,6 пайызга көбөйдү, байланыш кызматтары 3,3 пайызга көбөйдү, тарифтик кирешелер 13 млрд 231,9 млн сомду түздү.

Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 2019-жылдын январь - июлунда 2,7 пайызга өстү. Транспорттун бардык түрлөрү тарабынан ташылган жүктөрдүн көлөмү 3,0 пайызга көбөйдү (2018-жылдын январь - июлунда өсүш 3,3 % болгон).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!