​Арабиялык ишкерлер кызматташууга кызыкдар

18-Май 2017, Бейшемби

Арабиялык ишкерлер Кыргызстан менен транспорт, энергетика жана медицина тармактарында кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Сауд Арабияга болгон иш сапары учурунда белгилүү болгондугун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Абулгазиев Ислам өнүктүрүү банкынын 42- жыйынына катышкан. Иш сапардын алкагында биринчи вице-премьер-министр Ислам өнүктүрүү банкынын вице-президенти Саед Ага менен, Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондунун операциялык маселелер боюнча Марван Аль-Ганем жана ОПЕК фондунун өкүлү Фуад Аль-Базам менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт, энергетика, медицина, ирригациялык системалар жана калкты таза суу менен камсыз кылуу маселелри тууралуу маселелерди карашты. Жыйынтыгында араб ишкерлери жогоруда айтылган долбоорлорго кызыкдар экендигин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!