Эл аралык резерв 6,65 млн. долларга көбөйдү

18-Май 2017, Бейшемби

Кыргызстандын эл аралык резерви бир айдын ичинде 6,65 млн. долларга көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, апрель айынын жыйынтыгы менен өлкөнүн эл аралык резервинин көлөмү 1 млрд. 984, 84 млн. долларды түздү. Ал эми жыл башынан бери 15,17 млн. долларга өскөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эл аралык резервинин эң жогорку көрсөткүчү 2016 -жылдын август айында 2 млрд. 25,73 млн доллар өлчөмүндө болгон. Ал эми өткөн жылдын (октябрь) эң төмөнкү көрсөткүчү 1 млрд. 944, 03 млн. долларды түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!