​Экономикада авиациянын орду жогору

19-Май 2017, Жума

Кыргызстанда жол куруу татаал ошондуктан авиация керек. Бул тууралуу «Аба транспортунун экономикадагы мааниси» тегерек отурумунда Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда биринчи жолу Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) жетекчилиги расмий иш сапар менен келген.

«Биз тоолуу өлкөгө аба байланышка көңүл буруу өтө зарыл экендигин түшүнөбүз. Аба каттамы туризмге жана экономиканын өнүгүүсүнө таасир этет»,-дейт Калилов

Ал эми президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков ИКАОнун жетекчилигинин Кыргызстанга келиши Кыргызстандын кыялдары ишке ашышына үмүт жаратарын белгилеп кетти.

«Өлкөнүн аймагынын 90 пайыздан ашык аймагы тоолуу. Бул темир жол жана авто унаа байланыштарынын өнүгүшүн татаалдаштырат. Эл аралык рынокко чыгуу үчүн аба байланыштарын өнүктүрүү керек»,-дейт Исаков.

«Акыркы 3 айда аба каттамдары аркылуу 280 миң жүргүнчүгө кызмат көрсөтүлүп, 7 миң тонна жүк ташылган. Авиация акырындап өнүгуп, өлкөнүн авиация тармагынын келечеги алдыга жылууда»,-деп кошумчалап кетти Исаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!