​ИДӨ ар бир кишиге 1,1 миң доллардан эсептелди

22-Май 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү (ИДӨ) калктын санына бөлгөндө 1,1 миң долларга барабар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы жылдарда Евразия экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн баардыгында ИДӨ төмөндөгөн. Буга себеп жергиликтүү валюталардын долларга болгон наркынын төмөндөшү менен түшүндүрүлөт. Кыргызстандын өткөн жылдагы ички дүң өндүрүмү 6,6 млрд. долларды түзгөн. Жан башына бөлгөндө 1133 доллардан туура келет.

Россиянын ИДӨсү 1284 млрд., калктын башына 8 миң 58,3. доллар.


Казакстан ИДӨ 135 млрд. доллар, калктын башына 7 миң 585,2.


Белорусия ИДӨ 48,1млрд. доллар, калктын башына 5 миң 92. доллар.

Армения – ИДӨ 10,8 млрд., калктын башына 3 миң 568,5. доллар.

Ал эми Кыргызстандын ИДӨсү 6,6 млрд., калктын башына эсептей келгенде 1 миң 133 доллар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!