​Пакистандык ишкерлер текстиль тармагына кызыкдар

23-Май 2017, Шейшемби

Пакистандык текстиль багытындагы компания Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга кызыкдар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул тууралуу Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев пакистандык «Aziz Sons” компаниясынын жетекчиси Ясин Заири менен жолугушуусунун учурунда белгилүү болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын элчиси аталган компаниянын жетекчисине Кыргызстандын аймагына текстилдик ишкана түзүүнү сунуштаган.

Ясин Заири өз кезегинде аталган сунушка кызыкдар экенин жана жакынкы күндөрдө Бишкекке иш сапары менен барарын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!