Мейманкаларда тейлөө көрсөтүүдөн түшкөн каражат 3 млрд сомдон ашты

Мейманкаларда тейлөө көрсөтүүдөн түшкөн каражат 3 млрд сомдон ашты
16-Окт. 2019, Шаршемби, 11:24

2018-жылы туризм тармагында иш алып барган ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин саны 8,5 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашты.

Өткөн жылы туризм тармагында эмгектенген ар бир кызматкердин орточо айлыгы 10 миң 852 сом болгон жана бул 2014-жылга салыштырганда 1,3 эсеге көбөйгөн.

2018-жылы калкка 1 млрд 794,6 млн сомдук туристтик-экскурсиялык тейлөө көрсөтүлгөн. Бул да 2014-жылга салыштырганда 1,3 эсе көп. Ошондой эле 703,9 млн сомдук санаториялык-курорттук тейлөө көрсөтүлгөн болсо, бул 2014-жылга салыштырганда 20,2 пайызга көптүк кылат.

Өткөн жылы мейманкаларда тейлөө көрсөтүүдөн түшкөн каражат 3 млрд 277,4 млн сомго барабар болду, ал 2014-жылга салыштырганда 515,5 млн сомго жогорулады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!