2020-жылы бюджеттин жалпы кирешелерине 163.7 млрд сом каралууда

2020-жылы бюджеттин жалпы кирешелерине 163.7 млрд сом каралууда
19-Окт. 2019, Ишемби, 13:29

2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алганда 163 млрд 710 млн сом көлөмүндө каралууда. Бул тууралуу кечээ, 18-октябрда 2020-жылдын бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу боюнча парламенттик угуу маалында Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.

Белгилей кетсек кечээ Жогорку Кеңеште 1-окуудагы «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Анда айтылгандай, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом суммада болжолдонгон. Бул ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) 27,5 пайыз деӊгээлинде.

2020-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд 710 млн сом суммасында же ИДӨнүн 24,5 пайызында каралууда. Келерки жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд 663 млн сом деӊгээлинде белгиленген (ИДӨ 26 пайыз). Бул 2019-жылдын бюджетинен 11 млрд 750 млн сомго көп.

2020-жылга республикалык бюджеттин таңсыктыгынын жалпы көлөмү 9 млрд 953 млн сомду же ИДӨнүн 1,5 пайызын түзөт. Келерки жылдын бюджетинин таңсыктыгын жабууга ички жана тышкы булактар каралууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Марста жашоо барбы?
Марста жашоо барбы?
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
"Шумкар" атайын багыттагы полку жарандарды жумушка чакырат
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Златан Ибрагимович
Златан Ибрагимович "Гэлакси" клубунан кеткендигин жар салды
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Милиция жумушка кабыл алат
Милиция жумушка кабыл алат
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт