​2026-жылга чейин таза суу көйгөйү чечилет

24-Май 2017, Шаршемби

2026-жылга чейин өлкөнүн баардык айылдары таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы “Ала-Тоо булагы” программасы аркылуу 3 айылга таза суу жеткирилет. Ал эми 3 жылдан кийин Ош, Баткен жана Ысык-Көл областынын 117 айылы таза суу менен камсыз болот.

“Аталган программа 2026-жылга чейин эсептелген ушул аралыкта өлкөдөгү 650 айылда таза суу көйгөйү чечилет. Аталган программанын наркы 94 млн. долларды түзүп, Ислам өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банктын каржылоосунда ишке ашат”,-дейт Токтошев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!