Кыргызстан Doing Business рейтингинде 80-орунду ээледи

Кыргызстан Doing Business рейтингинде 80-орунду ээледи
25-Окт. 2019, Жума, 00:36

Дүйнөлүк банктын тобу “2020 бизнес жүргүзүү” деп аталган жылдык баяндамасын жарыялады. Кыргызстан рейтингге кирген өлкөлөрдүн арасында 80-орунду ээледи жана өткөн жылга салыштырганда 10 позицияга төмөндөдү.

Дүйнөлүк банктын Бишкектеги өкүлү Болормаа Амгаабазардын айтымында бул методологиянын өзгөрүшү жана маалыматтарды кайра кароо менен байланыштуу. Анын пикиринде мындан ары дагы реформаларды жүргүзүүнү улантып, ишкер чөйрөнү жакшыртуу кажет. Анткени дал ушул жеке-менчик сектор Кыргызстанда туруктуу социалдык-өнүгүүнү камсыз кылат.

Баяндамага ылайык отчеттук мезгилде Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн нормативдик - укуктук базасын сезилерлик жакшырта турган үч реформа жүргүзүлдү. Алар электр энергиясы, насыя боюнча маалымат жана салык тармагына тиешелүү реформалар болду.

Дүйнөдө бизнести жеңил жүргүзүү боюнча сап башына чыккан алдыңкы он мамлекеттер төмөнкүлөр:

— Жаңы Зеландия (100дөн 86.8 көрсөткүч);

— Сингапур ( 86.2 көрсөткүч);

— Гонконг (85.3 көрсөткүч);

— Дания ( 85.3 көрсөткүч);

— Корея ( 84 көрсөткүч);

— АКШ (84 көрсөткүч);

— Грузия (83.7 көрсөткүч);

— Улуу британия (83.5 көрсөткүч);

— Норвегия ( 82.6 көрсөткүч);

— Швеция (82 көрсөткүч).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады