Кыргызстанда 374 айыл өкмөтү бюджетте дотацияда турат

Кыргызстанда 374 айыл өкмөтү бюджетте дотацияда турат
4-Ноя. 2019, Дүйшөмбү, 13:24

Кыргызстандагы 453 айыл өкмөтүнүн 79у же болбосо 17 пайызы гана өзүн-өзү толук камсыздай алат. Калган 374 айыл аймагы же болбосо 83 пайызы республикалык бюджетте дотацияда турат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында көрсөтүлдү.

2019-жылдын 1-январына карата муниципалдык кызматкерлердин саны 8.4 миң адамды түздү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдык ишмердигин 8 692 депутаты бар 484 жергиликтүү кеңеш ишке ашырууда.

Азыркы учурда республика боюнча 484 өз алдынча башкаруу органы бар, алардын ичинде республикалык мааниде эки шаар, областтык маанидеги 12 калаа, райондук маанидеги 17 шаар жана 453 айыл аймагы бар. Айыл өкмөттөрүнүн эң эле көбү же болбосо 23 пайызы Чүй областында, эң азы же 7 пайызы Баткен областында жайгашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!