Панкратов: өкмөт экспорттун өсүү темпин сактайт

25-Май 2017, Бейшемби

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча экспорттун көлөмү 128 пайызга, ал эми импорт 115 пайызга өскөн. Бул тууралуу вице-примьер Олег Панкратов “Ак-Тилек Автодорожный” өткөрмө көзөмөл пунктунун иши менен таанышуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, өкмөт экспорттун өсүү темпин сактоого баардык аракеттерин жасайт.

“2017-жылдын биринчи кварталында эт азыктарынын экспорттук көлөмү 581,1 пайызга, мөмө-жемиш жана жаңгак 188,5 пайызга, сүт азыктары 85,9 пайызга, жеңил жана текстин өнөр жайынын продукциялары 155 пайызга өскөн. Ушуларды эске алып экспортко жөндөмдүү өндүрүштү колдоого алып, ага керектүү шарттарды түзөбүз”,-дейт Панкратов.

Эскерте кетсек, учурда “Ак-Тилек Автодорожный” өткөрмө көзөмөл пунктунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Оңдоп-түзөө иштерине жалпы 6,5 млн. сом жумшалат.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!