Он бир ири суу сактагычка 499,1 млн кубометр суу топтолду

Он бир ири суу сактагычка 499,1 млн кубометр суу топтолду
6-Ноя. 2019, Шаршемби, 11:31

Кыргызстандагы 11 ири суу сактагычка 2019-жылдын 1-ноябрына карата факты жүзүндө 499,1 млн кубометр суу топтолду. Бул тууралуу Мамлекеттик суу ресурстары агенттигинен кабарлашты.

Долбоордук толтуруу 1 млрд 734,8 млн кубометрди түзөт.

2018-жылдын отчеттук мезгилинде 11 суу сактагычка 494,9 млн кубометр суу топтолгон болчу.

Суунун келиши секундасына 72,5 кубометрди түзүүдө, 2018-жылы бул көрсөткүч секундасына 82,8 кубометр болгон эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!