2019-жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки аралыкта Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 1 миллиард 780,4 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
2018-жылдын 9 айына салыштырганда бул көрсөткүч 191,4 миллион долларга төмөндөдү. Сентябрьайында мигранттар 209,9 миллион доллар жөнөтүштү.
Жөнөтүлгөн акчанын 90 пайызы Россиядан келген, анын суммасы 1 миллиард 745,2 миллион долларга жетти. Экинчи орунда Америка турат жана андан которулган акча 23,4 миллион доллар болду.Калган өлкөлөрдө жашап жана иштеп жаткандар 11,2 миллион доллар жөнөтүштү.
2018-жылдын жыйынтыгы менен мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 685,3 миллион доллар которушкан. Кыргызстандан башка өлкөлөргө 542,2 миллион доллар жөнөтүлгөн.