Кыргызстандын импорт боюнча негизги шериктеринин бири Кытай болуп эсептелет. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комиеттин материалдарында айтылат.
Комитет берген маалыматка таянсак, 2019-жылдын январь-август айларында Кытайдан келген импорттун көлөмү алдын ала эсептер боюнча 484,4 млн долларды түздү.
Сегиз айдын ичинде Кытай эл республикасынан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бааланган бут кийим импорттолгон. Мындан тышкары 159,8 млн долларлык электр машиналары менен жабдуулар алынып келинген.
Жалпы баасы 75,6 млн доллар турган синтетикалык кездемелер ташылган. Ошондой эле жалпы көлөмү 87,3 млн доллар турган кийим-кечек алынган.