Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты

 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
13-Ноя. 2019, Шаршемби, 16:51

2019-жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки аралыкта тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты жана 2018-жылдын январь-сентябрь айына салыштырганда 2,8 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин тышкы сооданын статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гульсара Сулайманова билдирди.

Анын айтымында, экспорттук жеткирүү 11,7 пайызга көбөйүп, импорт 7,3 пайызга кыскарган.

“2018-жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки аралыкта импорттун көлөмүнүн төмөндөшү териден жасалган буюмдардын 2,4 эсеге, кийим-кеченин 1,9 эсеге, бут кийимдин 1,5 эсеге, химиялык жиптер менен булалардын - 29,3 пайызга, кант жана андан жасалган кондитер азыктарынын - 26,9 пайызга, мунай жана мунай продуктуларынын - 17,7 пайызга,желим жана андан жасалган буюмдардын 9,5 пайызгакыскарышына байланыштуу болду”,-деп айтты бөлүм башчы.

Ошол эле учурда өлкөгө тыштан ташылган жашылча-жемиштердин импорту 1,7 эсеге, жыгач жана андан жасалган буюмдарды алып кирүү 1,6 эсеге, дан өсүмдүктөрүн алып келүү 48,4 пайызга, электр машиналары менен жабдууларын алып келүү 30,7 пайызга көбөйгөн. Аны менен катарда кара металл импорттоо 24,1%га, фармацевтикалык продукциялар - 7,4%га, жемиштер жана жаңгактарды импорттоо - 6,7%га жогорулады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү