Бюджет 102 пайызга аткарылды

25-Май 2017, Бейшемби

2017-жылдын алгачкы 4 айында мамлекеттик бюджеттин аткарылышы өткөн жылдагы көрсөткүчтөн ашты. Бул тууралуу Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү мамлекеттик кызматтар бюджетти аткаруу планын ашыгы менен аткарган.

Мамлекеттик салык кызматы 100,1 пайызга аткарып, 22 млрд. 339,3 млн сом жыйнаган.

Мамлекеттик бажы кызматы 103,1 пайызды чогултуп, 9 млрд. 108,3 млн. сом камсыздаган

Социалдык фонд 101 пайызга аткарып, 8 млрд. 528 млн. сомго жеткирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!