Кыргызстанда көмүрдүн баасы кымбаттап жатат

Кыргызстанда көмүрдүн баасы кымбаттап жатат
15-Ноя. 2019, Жума, 15:33

Өлкө боюнча жергиликтүү жана чет өлкөдөн ташылып келинген көмүрдүн баасы кымбаттоодо. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

14-ноябрга карата республикадагы 18 калктуу пунктта көмүрдүн баасына талдоо жүргүзүлгөн.

Октябрь айында көмүрдүн орточо чекене баасы сентябрь айына салыштырганда тоннасына 244,61 сомго же болбосо 5,7 пайызга кымбаттады.

14-ноябрга карата көмүрдүн эң кымбат баасы Кара-Суу шаарында катталды, бул жерде көмүрдүн тоннасын 8 485 сомго алууга болот. Кийинки орунда Баткен областы турат жана бул аймакта бир тонна көмүрдүн баасы 7 455 сом болуп жатат. Ноокатта бир тонна кара алтынды 7 286 сомго сатып алууга болот. Ошол эле маалда эң арзан баадагы көмүрдү Жумгал районунун Чаек айылынан алса болот, анын тоннасы - 2500 сом. Балыкчы шаарында көмүр 3 694 сом, Нарын шаарында 3 549 сомдон бааланууда.

Токтогул шаарында көмүрдүн чекене баасы тоннасына 921,05 сомго же 20,5%га, Кербенде тоннасы 397,87 сомго же болбосо 9,4%га, Жалал-Абад шаарында тоннасы 393,17 сомго же 7,7%га, Покровка айылында 500 сомго же 12,5%га наркын жогорулатты.

Жалпысынан көмүрдүн баасы кымбатоонун үстүндө болуп жатат жана сентябрь айына салыштырганда тоннасына 371 сомго же 8,5 пайызга көмүрдүн наркы жогорулады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Логистикалык борбордун долбоору боюнча иштер планга ылайык жүрүүдө
Логистикалык борбордун долбоору боюнча иштер планга ылайык жүрүүдө
Кытайдагы вирус кайдан келип чыккан?
Кытайдагы вирус кайдан келип чыккан?
Сырганы кантип тандоо керек?
Сырганы кантип тандоо керек?
Билим берүү министрлигине эл ишеними өстү. Бул акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч
Билим берүү министрлигине эл ишеними өстү. Бул акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч
Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы оорлошуп баратат
Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы оорлошуп баратат
“Франкурт жана Майне”. Бул ирет вице-спикер шаардын атын туура эмес айтып алды
“Франкурт жана Майне”. Бул ирет вице-спикер шаардын атын туура эмес айтып алды
Журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берди
Журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берди
Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!
Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!
Өрт өчүрүүчү учак кыйрады
Өрт өчүрүүчү учак кыйрады
Туманга байланыштуу «Манас» аэропортундагы каттамдар жылдырылды
Туманга байланыштуу «Манас» аэропортундагы каттамдар жылдырылды
​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды
​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды
Россияда каза болгон жарандардын үчөө кыргызстандык экени аныкталды
Россияда каза болгон жарандардын үчөө кыргызстандык экени аныкталды
Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды
Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды
Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду
Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду
Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)
Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)
Сууга лимон кошуп ичүү ден соолукка пайдалуу
Сууга лимон кошуп ичүү ден соолукка пайдалуу