Кыргызстан Интернеттин арзандыгы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Сап башын Индия ээлеген.Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Байланыш операторлору ассоциациясынын директору Айбек Куренкеев Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.
Ал жыл өткөн сайын үн байланышын колдогондордун саны азайып, уламдан-улам көбүрөөк интернет байланышын колдонуп жатышканын белгилеп өттү.
Комитеттин депутаттары санариптик телевидениенин сапаты начар экенин, сүрөттөр дайыма токтоп калып жатканын, берүү үзгүлтүккө учурап турарын айтышты
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев бул багытта жумуштар жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, комитетте “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.