Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган

Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
7-Дек. 2019, Ишемби, 12:10

2019-жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки аралыкта Кыргызстанга келген түз инвестиция 576.8 млн доллар болду. Анын 37.3 пайызы же болбосо 215 млн доллары Кытайдан келген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашты.

Аталган маалыматка таянсак, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда Кытайдан келген инвестициянын көлөмү 1.7 эсеге жогорулады. Кытайдан кийин өлкөгө салынган инвестициянын көлөмү боюнча Канада турат. Аталган өлкөнүн салымы 114 млн долларды же болбосо 19.9 пайызы түзөт. Кийинки орундарда 13.2% же болбосо 76 млн доллар менен Улуу Британия, 8.1% менен Нидерландия, 4.4% менен Түркия турат.

Каражаттардын түшүү көлөмү 2018-жылдын январь-сентябрь айларына салыштарганда 1.8 эсеге жогорулады. Анын себеби Канададан келген инвестициянын 22.3 эсеге, Улуу Британиядан келген инвестициянын – 2.9 эсеге, Нидерландиядан келген каражаттын – 17.8 пайызга жогорулашына байланыштуу болду.

КМШ мамлекеттеринен келген инвестиция 5.6 пайызга жогорулады. Тактап айтканда Казакстандан келген инвестиция 1.5 эсеге, Азербайжандан салынган инвестиция 5.1 эсеге көбөйгөн.

Ошол эле маалда Өзбекстандын салымы 1.7 эсеге, Россиядан салынган инвестиция 14.8 пайызга азайды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим"​ наамына татыктуу болду
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
“Граф” салаты
“Граф” салаты
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт