​Ички каттамдар үчүн учак алынат

30-Май 2017, Шейшемби

Транспорт жана жолдор министрлиги жүргүнчү ташуучу учак сатып алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, “Манас” Эл аралык аэропортуна ички каттамдарды тейлөө үчүн 3 жүргүнчү ташуучу аба кемесин сатып алуу тапшырмасы берилди. Жаңы учактар 90 орундан жогору болбошу зарыл. Учурда тендердик жол менен сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Сатылып алынган учактар Бишкек – Исфана, Бишкек — Ош, Бишкек — Жалал-Абад, Бишкек — Ысык-Көл багыттарында жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!