2019-жылдын январь айынан ноябрь айына чейинки аралыкта транспорттун баардык түрлөрү менен ташылган жүктүн көлөмү 30 млн 666,2 миң тоннаны түздү жана 2018-жылы январь айынан ноябрь айына чейинки аралыкка салыштырганда 1 млн 42,4 миң тоннага же болбосо 3,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашты.

Жеке ишкерлер тарабынан унаа менен ташылган жүктүн көлөмү 28 млн 532,3 миң тоннаны түздү жана өткөн жылдын январь-ноябрь айларына салыштырганда 4 пайызга көбөйдү.