​Инвестициянын агымы азайган

31-Май 2017, Шаршемби

Өткөн жылы чет өлкөлүк инвестициянын агымы 2015-жылга салыштырмалуу 1,9 эсе азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдириди.

Маалыматка караганда, сырттан келген инвестиция кыскарган, 814 млн. долларды түзгөн. Келген инвестициянынын негизги бөлүгү кайра иштетүү ишканаларына, каржылык ортомчулукка жана камсыздандырууга, геологиялык чалгындоо иштерине, электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

КМШ өлкөлөрүнөн сырткары негизги инвестор Кытайдан келген каражаттын агымы 36,5 пайызга аз келген. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестициялык агым 1,8 эсе төмөндөгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!