“Нарын” ЭЭА Кытай инвесторлоруна 176 га жерди ижарага берет

“Нарын” ЭЭА Кытай инвесторлоруна 176 га жерди ижарага берет
16-Янв. 2020, Бейшемби, 09:27

Ат-Башы районунда жайгашкан “Нарын” эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) чет элдик инвесторлорго 176 гектар жерди ижарага бөлүп берет. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Инвестицияларды коргоо боюнча агенттиктин директору Адилбек Шумкарбек уулу Бишкекте болгон басма сөз жыйынында маалымдады.

“Нарын” эркин экономикалык аймагы аталган жер участогун ижарага алуу укугуна ээ болгон жана учурда аны Кытай инвесторлоруна ижарага берүүгө уруксат алышты. Аталган аймакка Өндүрүштүк-логистикалык борборду куруу пландалып жатат.

“Азыр ал жерде эч нерсе жок. Эркин экономикалык аймактын субъекти болуш үчүн инвестор инфраструктура менен камсыздаш керек. Аталган борбор үч блокто - индустриалдык, соода жана логистикалык багытта болмокчу. 200 гектардын 176 гектары «Нур Строй Монтаж» компаниясына ижарага, 24 гектары башка компанияга сунушталат. Инвестициянын суммасы 280 млн доллар болот. Сумма баардык үч этапты тең жабат”,-деп айтты Шумкарбек уулу.

Сүрөт: Аки-пресс

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР