Орточо айлык акы 16,6 миң сом болуп, бир жылда 5,3 пайызга жогорулады

Орточо айлык акы 16,6 миң сом болуп, бир жылда 5,3 пайызга жогорулады
16-Янв. 2020, Бейшемби, 10:32

2019-жылдын январь айынан ноябрь айына чейинки аралыкта орточо номиналдык айлык акы 16 миң 586 сомду түздү жана өткөн жылдагы деңгээлден 5,3 пайызга жогору болду. Бул тууралуу бүгүн,16-январда Улуттук статистикалык комитеттин башчысы Акылбек Султанов Бишкекте болгон басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын январь айынан ноябрь айына чейинки аралыкта орточо айлык акынын жогорулашы экономикалык ишмердиктин баардык түрүндөгү уюмдар менен ишканаларга которулган акчадан байкалды.

“Орточо айлык акы курулушта 11,9 пайызга, кесиптик, илимий, техникалык ишмердикте 11,2%га, мейманкана жана ресторан ишмердигинде 10,2%га, пайдалуу кендерди казып алууда 10,1%га, суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды кайра иштетүү жана экинчи чийки затты алууда 8,8%га, кыймылсыз мүлк операцияларын жүргүзгөн уюмдарда 6,4%га жогорулады”,- деп айтты Султанов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР