2019-жылы ИДӨнүн көлөмү 590 млрд сомду түздү

2019-жылы ИДӨнүн көлөмү 590 млрд сомду түздү
20-Янв. 2020, Дүйшөмбү, 08:35

2019-жылы Ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) көлөмү 590 млрд сомду түздү жана 2018-жылга салыштырганда 4,5 пайызга көп болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

«Кумтөр» кенин иштеткен ишканадан тышкары 2019-жылы ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 543 млрд сомдон ашты жана 3,8 пайызга жогорулады.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 278 млрд сомдон ашып 2018-жылга салыштырганда 6,9%га жогорулады. Бул негизинен металл кендерин өндүрүүнүн 28,5%га, негизги металлды өндүрүүнүн 12,3%га, көмүр казып алуунун 6,9%га, чийки мунай жана жаратылыш газын казып алуунун 17%га, кийим өндүрүшүнүн 18%га, тамак-аш азыктарынын чыгаруунун 4,3%га, курулуш материлдарын өндүрүүнүн 8,8%га жогорулашынын эсебинен камсыздалды.

Ошол эле маалда мунай азыктарын өндүрүү 40 пайызга, дары-дармек чыгаруу 2,2 пайызга, химиялык продукцияларды чыгаруу 3,8 пайызга, желим жана пластмасса буюмдарын чыгаруу 3 пайызга төмөндөдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР