Улуттук энерго холдинг мыйзамсыз майнинг-ферманы тапты

Улуттук энерго холдинг мыйзамсыз майнинг-ферманы тапты
20-Янв. 2020, Дүйшөмбү, 09:50

Улуттук энерго холдингдин кызматкерлери тарабынан Чүй областынын Маевка айылындагы «Агрострой» жабык акционердик коомунун аймагында жайгашкан мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма табылды. Бул тууралуу холдингдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Майнинг-ферманы текшерүү маалында криптовалюта казып алуучу жабдуу орнотулганы белгилүү болду. 2019-жылы «Агрострой» ЖАКы 283 миң кВт саат электр энергиясын колдосо, анын ичинде аны майнинг үчүн да керектеген.

““Түндүк электр” ачык акционердик коомуна майнинг үчүн электр энергиясын берүүнү токтотуу жана тартиптик доо өндүрүү чараларын көрүү тапшырмасы берилди”,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Улуттук энерго холдинг тарабынан майнинг-фермалардын ишмердигин жөнгө салуучу механизмдерди түзүү чаралары көрүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР