Былтыр 1.1 млн чарчы метр турак жай колдонууга берилди

Былтыр 1.1 млн чарчы метр турак жай колдонууга берилди
20-Янв. 2020, Дүйшөмбү, 10:12

2019-жылы Кыргызстанда 1.1 млн чарчы метр турак жай колдонууга берилди. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашты.

Аталган маалыматка таянсак, отчеттук мезгилде колдонууга берилген турак-жай 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 16.1 пайызга төмөндөдү.

Эң эле көп турак-жай Бишкекте колдонууга берилди, анын аянты 242.1 миң кв. метрди түздү. Жалал-Абад областында 192.9 миң чарчы метр, Ош областында 188.7 миң метр турак жай колдонууга берилди.

Баарынан аз үй Нарын областында курулган, аталган аймакта 37.6 миң чарчы метр үйгө жаңы кожоюндары көчүп киришти.Талас областында 48.2 миң чарчы метр үй, Ош шаарында 65.4 миң чарчы метр аянттагы үйлөр ээлерине берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР