Дүйнөнүн эң бай адамы эми Арно болуп калды

Дүйнөнүн эң бай адамы эми Арно болуп калды
20-Янв. 2020, Дүйшөмбү, 10:28

2020-жылы дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмеси жаңыланды. Биринчи орунга Louis Vuitton жана Dior бренддеринин ээси, франциялык Бернар Арно чыкты. Бул тууралуу Forbes журналы маалымдады.

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос анын компаниясынын акциялары 760 млн долларга арзандап кеткенден кийин экинчи орунга жылды. Анын байлыгы учурда 115.6 млрд долларды түзүүдө.

Ал эми Арнонун байлыгы 1.9 млрд долларга көбөйдү, анын ишкаларынын жалпы баасы 117 млрд долларга жетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР