Уюлдук байланыш үчүн өкмөт 29.5 млн сом короткон

Уюлдук байланыш үчүн өкмөт 29.5 млн сом короткон
29-Янв. 2020, Шаршемби, 10:06

2019-жылы мамлекеттик бюджеттен байланыштын тейлөө кызматтарына 779 млн сом керектелген. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

Өкмөт телефондук жана фиксималдык байланыш тейлөөлөрүнө 133.7 млн сом короткон. Уюлдук байланыш кызматына бюджеттен 29.5 млн сом сарпталган. Мындан тышкары почта байланышына 41 млн сом керектелген.

Ошондой эле ЖМКлардагы маалыматтык колдоо үчүн 300 млн сомго жакын каражат коротулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР