Кыргызстан менен Венгриянын товар жүгүртүүсү 7 млн долларды түздү. Бул тууралуу Экономика министри Санжар Муканбетов Венгриянын тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыш министри Петер Сийярто менен жолугушкан учурда билдирди.

Министр белгилегендей, товар жүргүртүүнүн төмөн деңгээлине карабай, экономика тармагындагы эки тараптуу кызматташтык позитивдүү жагдайда уланууда.

“Азыркы учурда 2020-жылы кош салык алууну жана салык төлөбөй коюдан качышты токтотуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу иштелип жатат”,-деп маалымдашты ведовстводон.