​Кыргызстан улуттук криптовалютасын чыгарат

14-Июнь 2017, Шаршемби

Кыргызстанда алтын кендерин өздөштүрүүгө көмөк кылуу максатында “GoldenRock” улуттук криптовалютасын чыгарууга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу “Известия” басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы валютаны россиялык трейдер “Крипт НН” тарабынан чыгарылат.

Крипто валютасынын чыгарылып жатышынын себеби өлкөдөгү алтын кендерин иштетүүгө кыска мөөнөттө жеке инвестиция тартуу максатын көздөйт. Ар бир даана “GoldenRock” (токен) бирдей алтын менен камсыз болот. Ал эми валютанын ээлери алтын өндүрүлгөндөн кийин алтынга алмаштыра алат.

Бул долбоор аркылуу биринчи жайгаштырууда 5 млн. доллардан 40 млн. доллар алууну пландап жатат. Бул инвестициялык долбоор ишке ашкандан кийин ушундай схема айыл чарба багытына да колдонулушу мүмкүн.
Аталган долбоорду ишке ашырууга россиялык “Крипт НН” компаниясы негизги трейдер катары катышат.

Кыргызстан үчүн бул схема инвесторлор үчүн таасирдүү гана болбостон ачык айкын болот. Ошондой эле криптовалютаны жайылтууда акырындап инвестициянын агымы 500 млн. долларга жетиши мүмүкүн

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!