Кыргызстан рейтингде 95-орунда

16-Июнь 2017, Жума

Кыргызстан инновациялык өнүгүү рейтингинде 95-орунду ээледи. Бул тууралуу Дүйнөлүк интелектуалдык менчик уюмунун жана бир катар өнөктөш изилдөө борборлорунун келтирген маалыматтарында айтылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан рейтингде Тажикстан (94-орун) менен Танзаниянын (96-орун) ортосунан орун алган. Сап башында Швецария, Швеция жана Нидерландия өлкөлөрү турат.

Ал эми аталган рейтингде КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Россия 45-орун, Украина 50-орун, Молдава 54-орун, Армения 59-орун, Грузия 68-орун, Казакстан 78, Азербайжан 82, Белорусия 88-орунду камтыган.

127 өлкө катышкан рейтинг институттар, билим жана инфраструктура, ишкердик шарты сыяктуу бир катар индикаторлорду эске алуу менен чыгарылган.

Рейтингди түзүүчүлөр 30дан ашык жеке жана мамлекеттик булактардан алынган маалыматтардын негизинде жыйынтык чыгарат.

Бул жылдын башкы темасы айыл чарбасында жана азык-түлүк өндүрүшүндөгү инновация.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!