​Беш айда 27,8 млрд. сом салык чогулган

20-Июнь 2017, Шейшемби

2017-жылдын өткөн беш айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 27 млрд. 790,9 млн. сом салык жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, коюлган план 100,2 пайызга аткарылып, 66,5млн сомго ашыгы менен чогултулган. 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 2 млрд. 651,7 млн. сомго же 10,5 пайызга жогорулаган. Ошол эле учурда сатуу салыгын кошпогондо келип түшүү 4 млрд. 36,2 млн. сомго же 18,2 пайызга көбөйгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!