​Россия Кыргызстандын карызын кечти

21-Июнь 2017, Шаршемби

Россия Кыргызстандын баардык карызын кечти. Бул тууралуу Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстан менен Россиянын каржы министрлери Адылбек Касымалиев жана Антон Силуанов Кыргызстандын Россиянын алдындагы 240 млн. доллар карызын кечүү тууралуу протоколго кол коюшкан. Кол коюу иш-чарасы Москвада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин РФга мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.

2012-жылдан тарта Россияга болгон карыз 488 млн. доллар болгон. 2013-жылы 188,9 млн. доллар карыз кечилген. Ал эми калган 300 млн. доллар карыз узартылган. Анын 60 млн. доллары 2016-2017-жылдары жоюлган. Калган 240 млн. доллар карыз ушуну менен жоюлду. Аталган протокол Россиянын Мамлекеттик думасы ратификациялаган соң күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!