Швейцарияга 202,3 млн. долларга алтын экспорттолгон

21-Июнь 2017, Шаршемби

2017-жылдын алгачкы 4 айында Кыргызстан 116 өлкө менен эки тараптуу товар алмашуу жүргүзгөн. Бул тууралуу Улуттук сататистика комитети билдирди.

Соода сатык мамилелери жүргөн өлкөлөрдүн ичинен 70не Кыргызстан товар чыгарган болсо, 108 өлкөдөн товар киргизилген. Чыгарылган товардын негизги бөлүгү же 37,7 пайызы Швейцарияга жөнөтүлгөн. Экспорттун көлөмү боюнча андан кийинки орунду 34,7 пайыз менен Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) камтыган.

Ал эми импорттолгон товардын негиги үлүшү - ЕАЭБке 39,6 пайызы тиешелүү. Кытайдан 33,7 пайыз, Түркиядан 5,6 пайыз жана АКШдан 5 пайыз.

Экспорттолгон товардын негизги бөлүгү 72 млн. долларга барабар алтын, 20,3 млн. долларга кен жана баалуу металлдардын концентраттары, 17,5 млн долларга кийим-кече жана 13 млн. долларга мөмө-жемиштер түзөт. Кыргызстандан экспортко чыккан товарлардын өлөкөлөр боюнча үлүшү;

Швейцарияга 202,3 млн. долларга алтын.

Россияга 19,2 млн. долрга жемиш,

Казакстанга 5,3 млн. доллрга сүт азыктары, 8,1 млн. доллрга жемиш

Түркияга 2,4 млн. доллрга жемиш, 4,1 млн. доллрга пахта,

Ал эми импорттун өсүшү кумшекердин 2,6 эсе, күрүчтүн 2,5 эсе, дары-дармек 1,7 эсе, кондитер азыктары 35,8 пайызга, чай 22,6 пайызга кийим-кече 27,2 пайызга жана жемиштин 22,9 пайызга өсүшү менен түшүндүрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!