Консерваланган азык чыгаруучу завод ишке кирди

22-Июнь 2017, Бейшемби

Кыргызстанда консерваланган азыктарды чыгаруучу завод ишке кирди. Бул тууралуу “Еasttime.ru.” агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, аталган ишкана жылына 100 тонна продукция өнүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Чыгарылган продукция негизинен Казакстан менен Россиянын рыногуна багытталган. Евразия экономикалык биримдиктин ички рынокторунда бажы төлөмү жок болгондуктан Бишкекте өнүрүлгөн консерваланган продукция Казакстан менен Россиянын рынокторунда башка өлкөлөрдөн келген консерва продукцияларына караганда 10 пайыздын тегерегинде арзан болот.

Ишканада атамекендик азыктар италиялык жабдуулардын жардамы менен чыгарылат. Заводдо даярдалган продукциянын сапатын көзөмөлдөй турган адистештирилген тамак-аш лабораториясы болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!