Жалал-Абадда калкты тейлөө өсүшү байкалды

22-Июнь 2017, Бейшемби

Жалал-Абадда беш ай ичинде шаарда 1 миллиард 48 миллион 561 миң сомдук акылуу кызмат көрсөтүлгөн. Бул өткөн жылдын алгачкы беш айындагыга караганда 53 миллион 721,3 миң сомго көптүк кылат. Демек, өсүү темпи 105,4 пайызга жеткен. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Алынган маалыматтарга караганда, шаарда чекене соода жүргүртүүнүн көлөмү да өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көп болду. Мисалы, алгачкы беш айда шаарда чекене соода жүргүзүүнүн өткөн жылдагыга салыштырмалуу өсүү темпи 101,2 пайызды түзгөн.

Башкача айтканда, шаарда 3 миллиард 932 миллион 422 миң сомдук чекене соода жүргүзүлсө, ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46 миллион 629,5 миң сомго көбөйгөн.

"Мунун баары шаар калкынын ишкердик активдүүлүгүнүн жогору болуп жатышы менен түшүндүрүлөт. Ал эми шаар бийликтери аларга ыңгайлуу шарт жаратуу жагынан аракет кылууда" - дейт бөлүм башчы Салижан Умаров.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!