Башкырстан Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

23-Июнь 2017, Жума

Башкырстан Кыргызстан менен айыл-чарба, энергетика, өндүрүш жаатында кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу Башкырстандын президенти Рустем Хамитов билдиришти.

Анын айтымында, Башкырстан менен Кыргызстандын ортосунда соода карым- катнаштары өнүгүп жатат.

“Үстүбүздөгү жылы акыркы эки жылга салыштырмалуу импорттун, экспорттун көлөмү өстү. Бул жылды жакшы жетишкендиктер менен аяктайбыз деген ойдомун”,-дейт Хамитов.

Эскерте кетсек, өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев Россияда мамлекеттик сапар менен жүрөт, жолугушуулары Уфа жана Казан шаарларында уланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!