​Жолдор паспорттоштурулат

23-Июнь 2017, Жума

2017-жылдан тарта унаа жолдору паспорттоштурула баштайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

“2017-жылдан тарта транспорт мнистрлиги өлкөдөгү унаа жолдорун паспорттоштура баштайт. Паспорт боюнча жолду ким качан курган, оңдоп түзөө иштеринин жүргүзүлгөндүгүнө канча убакыт богондугун көрөлабыз. Эгер кандайдыр бир кемчиликтер болсо кийин жол курулушуна катышуу укугунан ажыратабыз. Паспорттоштуруу программасы жол куруу үчүн жергиликтүү жана респуликалык бюджеттен кетип жаткан каражаттарды көзөмөлдөөгө ыңгайлуу болот. Паспорттоштуруу Талас областынан башталат”,-дейт Калилов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!