​ЕАЭБ: Кыргызстан жогорку көрсөткүчтө

27-Июнь 2017, Шейшемби

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмүнөн түшкөн киреше боюнча Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен жогорку көрсөткүчкө ээ болгон. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылы Кыргызстандан башка биримдикке кирген өлкөлөрдүн бажы төлөмүнөн түшкөн кирешеси мүмкүн болгон 5 пайыздан ашкан эмес.

Кыргызстан – 11.3 пайыз

Беларусь – 5 пайыз

Армения – 4.6 пайыз

Россия – 4.2 пайыз.

Казакстан – 3.1 пайыз

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!