​Ипотекалык компания 1,6 млрд. сомдук насыя берди

7-Июль 2017, Жума

“Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” 1 миң 385 бюжеттик жумушчуга насыя берди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, берилген насыянын жалпы көлөмү 1 млрд. 678 млн. сомду түздү. Анын ичинен билим берүү тармагында 573, саламтыкты сактоо чөйрөсүндөгүлөр 273 насыя алууга жетишип насыя алуучулардын 61 пайызын түзгөн. Социалдык өнүктүрүү багытында 37, маданият 35. Ошондой эле башка бюджеттик багыттарда эмгектенгендер 467 (34 пайыз) насыя алган.

Ал эми аймактар боюнча алганда Бишкек шаарыбасымдуулук кылып 507, Ош шаары 229, Чүй областы 197, Ысык-Көл 150, Жалал-Абад 132, Нран 65, Ош 49, Талас 31 жана Баткенде 25 жаран насыя алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!