​Туризм: 103.5 млн. сом салык түшкөн

21-Июль 2017, Жума

2016-жылы туризм тармагынан бюджетке салык түрүндө 103.5 млн. сом түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, туризм тармагынын ички дүң өндүрүмдөгү үлүшү 4,7 пайызды камтыган же 21 млрд. 458 млн. сомду түзгөн. Ал эми кызмат көрсөтүүгө капитал салуунун көлөмү 15,3 млрд. сомго жеткен. Бул көлөм өткөн жылга салыштырмалуу 1,5 млрд сомго жогору болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!