​Салык карызы 2,5 млрд. сомду түздү

21-Июль 2017, Жума

2017-жылдын биринчи жарымжылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү салык төлөөчүлөрдүн карызы 2,5 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйындын жүрүшүндө белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, салык төлөөчүлөрдүн жалпы карызынын ичинен үмүтсүз салык 738,2 млн. сомду түзөт. Бул сумма 1 миң 888 салык төлөөчүнүн карызы. Салык карызын жоюуу үчүн салык төлөөчүлөргө 4 млрд.526,9 млн. сомго 42 миң 729 салык чечими тапшырылган. Буга чейин 32 миң 773 салык чечими боюнча 1 млрд. 45,5 млн. сом төлөтүп алынды.

Ошондой эле 686,8 млн. сомго 1 миң 89 иш сотко өтөрүлдү. Анын 322 иш бюджеттин үлүшүнө чечилип 186 млн. сом түшкөн.

Ал эми өз багында төлөнбөгөн 4 миң 260 салыкка салынган айып 19,6 млн. сомду түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!