​33,6 млрд. сом салык жыйналган

21-Июль 2017, Жума

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 33 млрд. 631,7 млн. сом салык жыйналган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйындын жүрүшүндө белгилүү болду.

Маалыматка карганда, жарым жылдыктын коюлган планы 100,4 пайызга аткарылган же 136,4 млн. сом ашыгы менен жыйналган.

Өткөн жылдын ушул мезгилне салыштырмалуу 2 млрд. 568,6 млн. сомго же 8,3 пайызга көп жыйналган.

Ошону менен эле бирге соода-сатык салыгы эске албаганда салык жыйымы 4 млрд. 201 млн. сомго же 15,5 пайызга көбөйгөн.

Республика боюнча салык жыйноо толук аткарылганы менен айрым аймактарда салык толук чогулган эмес алар Ленин, Жумгал райондору жана Талас шаары планды толук аткарган эмес. Ал эми ири салык төлөөчүлөр боюнча Ош областы менен Ош шаарында толук аткарылган эмес.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!