Жол тармагында 1,4 млрд. сомго иштер аткарылган

21-Июль 2017, Жума

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 6 айында жол тармагын каржылоо 1 млрд. 802,6 млн. сомду түзгөн. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиялык жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы Жол чарба департаментинин жалпы бюджети мамлекеттик капиталдык салымды кошо эсептегенде 4 млрд. 526,9 млн. сом болгон. Ал эми быйылкы жылдын биринчи жарымында жол тармагын каржылоо 1 млрд. 802,6 млн. сомду же 40 пайызын түзгөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда учурда Жол чарба департаменти тарабынан 1 млрд. 456,8 млн. сомго иштер аткарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!